Кыргыз-казак өткөрмө бекетинде өзгөрүү жок
Мамлекеттик чек ара кызматынын акыркы маалыматына ылайык, “Ак жол” чек ара бекетинде 200дөн ашык автоунаа казак тарапка өтө албай турат. Түшкү саат экиге карата тараткан маалыматта, “Ак тилек” өткөрүү пунктунда 150 оор жүк ташуучу автоунаа токтоп турат. Бул пунктта казак тарап жарым саатта бирден машинаны өткөрүп жатат. Казакстан менен чектешкен “Ак жол” жана башка өткөрмө бекеттерде 10-октябрда миңдеген эл бир нече сааттап жөө жана машине менен чек арадан өтө албай, узун кезектер пайда болгон.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 13, 2025Медакадемиянын проректору аялын урду деген шек менен кармалды
-
Декабрь 09, 2025Сасык тумоо: Бир күндө 1800дөй киши ооруканага кайрылды
-
Декабрь 09, 2025"Жол курулушунда ток уруп, төрт мүчөмдөн ажырадым"
-
Декабрь 09, 2025Кыргызстанда тигүү тармагына талап күчөдү
-
Ноябрь 30, 2025Эл жаңы парламентке кандай депутаттар келишин каалайт?
-
Ноябрь 30, 2025Элге кандай депутат керек?