Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:41

Маданият министрлиги Меладзенин концертине байланыштуу маалымат таратты


Валерий Меладзе.
Валерий Меладзе.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги орусиялык ырчы Валерий Меладзенин Кыргызстанда концерт беришине тыюу салынганы боюнча түшүндүрмө берди. Анда былтыр чет элдик чыгармачыл адамдардын концертин өткөрүү боюнча жобо бекитилгени жазылган.

Бул документке ылайык, чет элдик ырчынын концертин уюштургандар министрликке өтүнүч менен кайрылып, тиешелүү документтерди бериши керек.

“Министрлик тарабынан артисттин өз өлкөсүндөгү, эл аралык деңгээлдеги репутациясы, чыгармалардын маани-маңызынын жалпы коомдук белгиленген моралдык, мыйзамдык тартиптердин талабына туура келиши текшерилет. Меладзенин концерттик ишмердигине Орусия Федерациясында тыюу салынган”, - деп жазылган билдирүүдө.

Министрлик Меладзенин концертин уюштуруучулары быйыл жыл башында өтүнүч кат менен кайрылганын жана ырчынын өз өлкөсүндөгү репутациясын эске алып, “иш-чарага даярдыкты токтото турууну сунуштаганын” кошумчалады.

Мунун алдында Валерий Меладзеге Кыргызстанда концерт коюуга уруксат берилбегенин орусиялык продюсер Павел Рудченко “Абзац” басылмасына билдирген.

Валерий Меладзе 60 жылдыгына карата Борбор Азия өлкөлөрүнө концерт коюуну чечкен. Казакстан менен Өзбекстан аны кабыл алууга даяр экенин билдирген.

Ал Орусиянын Украинага согуш ачканын колдобой, сынга алган маданият өкүлдөрүнүн бири. Анын мындай көз карашына байланыштуу укук коргоо органдарына даттангандар да болгон.

2022-жылдын февралында Орусия Украинага негизсиз басып киргенден кийин Меладзе үй-бүлөсү менен Испанияга чыгып кеткен. Бийликти сындагандан кийин Орусиядагы концерттерин токтоткон. Бирок Түркия, Дубай, Европада талантын тартуулап жүрөт.

Негизи АКШ менен Батыштын санкциясына кабылгандан кийин орусиялык ырчы-чоорчулардын башка мамлекеттерге гастролдук сапарлары да чектелген. Мындан улам алар Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстана көбүрөөк келип жатышат.

2023-жылы август айында согушту жактаган орусиялык ырчы Григорий Лепстин Кыргызстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда өтчү концерттери элдин каршылыгынан улам токтотулган.

Ошол эле жылы орусиялык рэпер Алишер Моргенштерн (Валеев) Бишкекке келет деген кабар кыргыз коомчулугунда талыш-тартыш жараткан. Анын жүрүм-турумуна каршы болгондор нааразылыгын билдирип, анын музыкалык кароо-сынакка катышуусуна тыюу салынган.

Шерине

XS
SM
MD
LG