Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:56

Free Eurasia: 2025-жылы Украинада туткунга түшкөн борбор азиялыктардын саны эки эсе көбөйдү


Украинадагы согуш туткундары кармалып турган лагерь.
Украинадагы согуш туткундары кармалып турган лагерь.

2025-жылдын 11 айында Украинада туткунуна түшкөн борбор азиялыктардын саны соңку үч жылга салыштырмалуу эки эсе көп болду. Бул тууралуу Free Eurasia.com басылмасына берген маегинде украиналык "Хочу жить" долбоорунун өкүлү Виталий Матвиенко билдирди.

Ал кошумчалагандай, учурда Украинада борбор азиялык 100дөн ашуун киши "согуш туткуну" макамында кармалып турат.

Матвиенко айткандай, алардын көбү Орусияда эмгек мигранты болуп жүргөн жеринен согушка тартылгандар.

Укук коргоочулардын маалыматына караганда, мигранттардын көбү Орусияда мыйзам бузганы үчүн кармалып, согушка мажбурлап жиберилет. Болбосо аларды депортация менен коркутушат.

Украин тарап билдиргендей, бардык туткундар Женева конвенциясына ылайык кармалууда. Алардан Кызыл Чырым комитетинин өкүлдөрү, укук коргоочулар жана дипломаттар кабар алып турушат.

"Азаттык" жыл башында Украинада "согуш туткуну" деп таанылгандар арасында Борбор Азиядагы өлкөлөрдөн чыккан 54 киши бардыгын тактаган. Алардын бири кыргыз, 21и казак, 18и тажик, 14ү өзбек улутундагылар экени маалым болгон.

  • Борбор Азиянын бардык мамлекеттеринде, анын ичинде Казакстанда да чет мамлекеттердеги куралдуу жаңжалдарга катышкандар, жалдангандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
  • Бирок аймактагы өлкөлөрдүн Украинадагы согушка тартылган жарандарын экстрадициялоону талап кылганы тууралуу маалымат жок


Быйыл ноябрда "Хочу жить" Орусиянын Куралдуу күчтөрүнө Борбор Азия мамлекеттеринен 7,5 миңден ашуун адам тартылганын жазган. Анын бир жарым миңдейи согушта каза тапканын жарыялаган. Аталган долбоор согушка азгырылган жарандардын тизмесин, аты-жөнүн чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн бийлигине бергенин да билдирген.


Шерине

XS
SM
MD
LG